Menu
Поиск
Generic filters
Подкаст
Эпизод
Фильрт эпизодов по языкам и странам
казахстанский подкаст
Кыргызстанский подкаст
Таджикистанский подкаст
Узбекистанский подкаст
Туркменистанский подкаст
на казахском языке
На кыргызском языке
На таджикском языке
На узбекском языке
На туркменском языке
На русском языке

Бирге өсөлү

Hosted ByBermet Bagachieva

Бул кыргызча инсандык өнүгүү жөнүндө подкаст.

This is podcast about pesonal development in kyrgyz language.

Это подкаст о личном развитии на кыргызском языке.


Все эпизоды

Бирге өсөлү: Подкаст #18 Мотивациялык кеп: 🎉Ар күнуңдү шедеврге айлант🎉

Сенин алдыңда эң сонун күн турат. 🌞Ушул күн: “Кел, мени жаратчы” 🌷- деп чакырып жатат. Бул күн үчүн кечээки, андан мурунку күнү болгон окуялар, бир жыл, жэ беш жыл мурун өткөн нерселер бирдей. Сен азыр, ушул көз ирмемде жашайсың🤩....

Бирге өсөлү: Подкаст #10 Кечиримдүүлүк

Бирге өсөлү: Подкаст #10 Кечиримдүүлүк бул “өткөн окуя башкача болот” деген үмүттү үзүү жана “өткөн нерсе башкача болуш керек эле” өкүнүчтү жойуу. Сиз өткөн нерсени ойлоп кайгыга түшөсүзбү? Бирөөгө таарынып ичиңизден сыздап жүрөсүзбү? Жакын адамыңыздан жүрөгүңүзгө жаракат алып, жараңыз...

Бирге өсөлү: Подкаст #9 Дисциплина бакытка алып барат

Дисциплина — бул максат менен ийгиликтин ортосундагы көпүрө. 😉 Баарыбыздын эле өзүбүзгө койгон максаттарыбыз жана эңсеген кыялдарыбыз бар😉. Мисалга алсак, ден-соолук💪, жогорку билим👩‍🎓, акча-каражат 🤑жана саякаттоо🌴. Ошентсе да эмнегедир адам баласы күнүмдүк жашоосунда ал максаттарын унутуп, кийинкиге калтырган учурлар...

Бирге өсөлү: Подкаст #8 Убакыттын алдында баарыбыз теңбиз.

Кедейби же байбы☘️, жашпы же карыбы☘️, аялбы же эркекпи☘️, айтор ар бирибиздин күнүбүз 24 сааттан турат😉. Ошентсе да, эмнегедир кээ бир адамдар бир күндө салыштырмалуу көбүрөөк иш бүтүрүшөт🙌. Анын сыры кандай болду экен? 🤔 Убакыттын алдында баарыбыз тең болсок,...

Бирге өсөлү: Подкаст #7.1 Мотивациялык кеп: Азыр! Бүгүн! Эң жакшы аракетиңди кыл!

Мотивациялык кеп: Азыр! Бүгүн! Эң жакшы аракетиңди кыл! — Send in a voice message: https://anchor.fm/bermet/message Похожие эпизоды:#51 Аксана Исмаилбекова менен миграцияда илимий изилдөөлөр, согуштун таасири, келечектин багыттары тууралуу подкаст.Бирге өсөлү: Подкаст #7 Талант жана Аракет#50 Азат Максатбеков. Азаттын окуясы,...

Бирге өсөлү: Подкаст #7 Талант жана Аракет

“Талантың болсо мүмкүнчүлүктөр жаралат деп айтылат. 🤟Бирок чындыгында каалоо талантты жаратат.🤩“- Брюс Ли Дүйнөдөгү таланттуу адамдар талантттуу болуп жаралганбы? 🤔 Жэ алар өздөрү талантын жаратыштыбы? 🧐Эгер өздөрү жаратса, кантип эң жогорку деңгээлге жетишти экен? 🤓 „Бирге өсөлү” подкастынын 7-чи...

Бирге өсөлү: Подкаст #6: Көрө албастык жана суктануу

“Көрө албастык жакыр кылат, суктануу байытат”. 🤔 деп айтат Алия 😁 “Ай ий тиги кошунанын үйү сонун. 😏Байкемдин машинасы мыкты. 😏Класташымдын чачы шумдук😏. Досумдун жумушу кызык. 😏 Меники эмнеге андай эмес.” 😔😡- деген ойлор баарыбызда эле бардыр. Алар ичибизди...

Бирге Өсөлү: Подкаст #5.1 Медитация: позитивдүү аффирмациялар

“Мыкты боло электе эле, мен эң мыктымын деп айткам!”- Ушул сөздөр жана ушул ишеним менен Мухаммед Али өзүн дүйнөдөгү эң мыкты боксёрго айланткан. Өзүбүзгө таза ой жана позитивдүү аффирмацияга менен чоң күч-кубат берсек болот. Ошондуктан баарыңыздарды позитивдүү аффирмацияга арналган...

Бирге Өсөлү: Подкаст #5 Позитивдүү аффирмациялар

“Адам бир нерсеге ишенгиси келсе, ошонун чындыгына далил табат”.🧐 — деп замандаш акын IN-Q айтат. Адам баласы кандай гана чектөөчү ишенимдер менен жашап келсе да, ал ошолорду күнүмдүк аракет менен жойо алат. 💪👍 Бирге өсөлү” подкастынын бүгүнкү чыгарылышында, биз...

Бирге Өсөлү: Подкаст #4 Өзүңдү чектөөчү ишенимдер

“Бир нерсени кыла алам деп ишенсең да, кыла албайм деп ишенсең да, сеники туура.” — деп Хенри Форд айткан экен. 🤔 Көп эле учурда адам баласы өзүнүн күчүн жана мүмкүнчүлүктөрүн чектөөчү ишенимдер менен жашап келет. Алардын чын жэ чын...