Menu
Поиск
Generic filters
Подкаст
Эпизод
Фильрт эпизодов по языкам и странам
казахстанский подкаст
Кыргызстанский подкаст
Таджикистанский подкаст
Узбекистанский подкаст
Туркменистанский подкаст
на казахском языке
На кыргызском языке
На таджикском языке
На узбекском языке
На туркменском языке
На русском языке

Вандык кыргыздар жана Рахманкул хандын тарыхий мааниси. Этнограф Зарина Урманбетованын көз карашы.

Подкастын 6-эпизоду башка чыгарылыштардан айырмасы бар. Биринчиден, бул чыгарылышта биз памирлик кыргыздар жөнүндө эмес Туркиянын Ван облусунда жашаган вандык кыргыздар тууралуу сөз кылабыз. Экинчиден, биз антрополог менен маектешебиз. Азыр Цюрихте эмгектенген кыргыз кызы, этнограф Зарина Урманбетова Ванда жашаган кыргыздар менен кантип таанышканын, хандык система тууралуу жана памирлик туугандарына караганда Түркияда этникалык кыргыздар кантип жашоосун өткөрөөрү жөнүндө сөз кылды. Бул жана башка «Ысык нан» подкастынын баардык эпизоддорун  даярдоо «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан колдоого алынып даярдалды. Айтылган ой-пикирлер Сорос – Кыргызстан фондусунун коз карашын билдирбейт.